ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

КР президенти А.Атамбаев жана Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимов 2005-жылдын 24-мартында болгон окуяга арналган аянттын долбоору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга арналган сейил бакты түзүү долбоору менен таанышты. Сейил бакты  Шабдан Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине түзүү пландалууда.

Эскиздик долбоор боюнча «Бишкекбашкыархитектура» шаар тургундарынын эс алуулары үчүн сейил бакка оргумаларды, орундуктарды, бактарды жана гүлдөрдү отургузууну пландоодо.


Сейил бактын аянты 0,9 га ны түзөт. Азыркы учурда сейил бактын ордунда көчөттөр базары орун алган. Жазгы отургузуулар аяктагандан кийин Гаргеев атындагы Ботаникалык бактын аймагына көчүрүлөт.


Учурда «Бишкекбашкыархитектура» жумушчу долбоорду иштеп жатат. Сейил бактын курулушуна КР президентинин фондунан болжол менен 7 млн.сом каражат бөлүнүп берилет.