ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Биз XXI кылымдын интеллектуалдары» шаардык конкурсунун жабылышы өтөт

2016-жылдын 31-мартында саат 10:00до №39 мектеп-гимназиясынын базасында «Биз XXI кылымдын интеллектуалдары» изилдөө долбоорлору  шаардык конкурсунун жабылышы өтөт.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы илимий-педогогикалык коому менен биргеликте «Зээндүү балдар» программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.


Конкурска калаанын 30 жалпы билим берүү уюму катышты.


Калыстар тобунун курамына Ж.Баласагын атындагы КУУнин, БААУнун, Эл аралык университеттин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын илимий кызматкерлери кирди.


Конкурска номинациялар боюнча 142 долбоор сунушталды: 1. 11 багыт боюнча жаңы теоретикалык иштелмелер жана моделдер:


•    Физика жана математика;
•    Химия, биология, медицина;
•    Химия, биология, экология;
•    Тарых, ЧИО, адеп;
•    География, экология, экономика;
•    Экономика,  экология, социология;
•    Орус тили жана адабият, мамлекеттик тил;
•    Технология, архитектура;
•    Англис тили.
2. астрономия жана космостук илим;


3. приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык тутумдар;


4. энергия жана электр үнөмдөөчү технологиялар;


5. маалыматтык жана коммуникациялык техникалар.


Тандоо турунан кийин конкурска окуучулардын 134 долбоору кабыл алынып, 1-орунду 16 долбоор, 2-орунду 20 долбоор, 3-орунду 19 долбоор алды.


Конкурстун жеңүүчүлөрү диплом, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.