ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

24-мартта калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 24-мартта саат 9:00дон 18:00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берилбейт.

«Батыш-2» суу алгычынын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу төмөнкү турак райондордо таза суу берилбейт: темир жол сызыгы, Фучик, Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси. Анын ичинде: Бишкек шаарынын Улуттук банкы, «Кыял», «Ош базар» ЖЧКсы, «Берекет» ЖАК, «Берекет-Гранд», «Берекет» СБ, «Берекет-Универсал» СК, «Арпа» ААК, №2 төрөт үйү, №№8, 22, 72, 164,  165, 167 бала бакчалары, К.Акиев көчөсү боюнча  №73 бала бакча, №3 “Балдарды коргоо борбору” бала бакчасы, Илимдер академиясы, №№9, 13, 31, 8, 2 мектептер,  Бишкек финансы-экономикалык академиясы, Эл аралык университет, Бишкек троллейбус башкармалыгы, №1 шаардык клиникалык ооруканасы, Ленин райондук администрациясы, Бишкек эт иштетүүчү консервалык комбинаты, Некрасов көчөсү боюнча Бишкек бор комбинаты, Батыш РЭС, Жаш Гвардия бульвары боюнча Республикалык телерадио борбору, Фучик көчөсү боюнча мурдагы медицина мектеби, Ленин райондук соту, №100 лицей, Бишкекбашкыархитектура, Бөкөнбаев көчөсү №182 Мамлекеттик тил комиссиясында.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.