Бишкек шаардык кеңеши Кубанычбек Кулматовду «Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйлады
- Подробности
- Опубликовано 22.03.2016 17:25
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев 22-мартта Кубанычбек Кулматовду жергиликтүү бийлик органдарындагы көрсөткөн үзүрлүү эмгеги үчүн жана шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйлады.
Өзүнүн сөзүндө Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэриясынын жалпы жамаатына аткарган иштерине ыраазычылык билдирди.
“Бул сыйлык баарыбызга таандык. Мэриянын жалпы кызматкерлерин, вице-мэрлерди жана структуралык бөлүктөрдүн жетекчилерине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздерге чоң рахмат”,- деди мурдагы калаа башчысы.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө боюнча комиссиясынын 2016-жылдын 14-мартындагы №1 протоколунун негизинде Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июну N 7 «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык сыйланды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.10.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |