ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Албек Ибраимов жаңы конуштардагы мектептердин жана бала бакчалардын курулуш иштерин текшерди

Бүгүн, 19-мартта калаа башчысы Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы бала бакча жана мектептеринин курулуш иштери текшерилди.

«Көк-Жар», «Кайынды», «Калыс-Ордо» конуштарына болгон текшерүүгө Бишкек шаарынын вице-мэрлери Айгүл Рыскулова жана Бакытбек Дюшембиев, райондук администрациялардын башчылары, муниципалдык мекемелердин жетекчилери, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.


Бишкек шаарынын мэри «Көк-Жар» конушундагы бала бакчанын курулушунун жыйынтыктары менен таанышты. Мектепке чейинки бала бакча 280 орунга ылайыкташтырылып салынган. Бала бакчаны куруу иштерин  «Экспресс-строй» ЖЧКсы бөдрөтчү уюму жүргүздү. Бала бакчаны  2016-жылдын апрель айында ачуу пландалууда.


 Андан кийин шаардык кызматтардын жетекчилери Свердлов районунун «Кайынды» конушундагы жакында ачыла турган бала бакчаныны курулуш менен таанышышты.

Калаа башчысы Биринчи май районунун «Калыс-Ордо» конушундагы 750 окуучулук оругна ылайыкташтырылып салынып жаткан мектептин курулуш иштерин текшерди.

Жалпы билим берүү мектебининин курулуш иштерин TBEA  кытай компаниясынын грантынын эсебинен «Альто Групп» курулуш компаниясы жүргүзүүдө.  Бүгүнкү күндө мектептин биринчи кабатынын курулуш иштери жыйынтыкталды. Аталган объектини  үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде колдонууга берүү  пландалууда.