ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды жаз майрамы менен куттуктады

«Ала-Тоо» борбордук аянтында жалпы улуттук «Нооруз» майрамы өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы «Марал» радиостанциясы менен биргеликте театралдаштырылган көрсөтүү жана майрамдык концерт тартуулашты.

Калаа башчысы Албек Ибраимов бардык шаардыктарды жана конокторду «Нооруз» майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана бактылуулук каалады.


“Урматтуу шаар тургундары жана коноктор! Сиздерди жаркыраган жазда келген Нооруз майрамыңыздар менен  чын дилимден куттуктайм! Ушул касиеттүү майрамда мен баарыңыздарга жаз айындай жаркын маанай, мээрими  төгүлгөн, ырыс-дөөлөттүү узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана  ишиңизге мол жемиштүү,  зор жеңиштүү  ийгиликтерди каалайм. Улуу күнү үйүңүздөргө кут конуп, элибизге ынтымак, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!”,-деди калаа башчысы.
Ошондой эле шаардыктарды куттуктоо үчүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, балдар бий жамааты, музыкалык ансамблиси, кыргыз эстарда жылдыздары жана театр артисттери катышты.


Андан кийин Эски аянтта дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрүнүн, Кыргызпатент, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын катышуусунда дипломатиялык көргөзмө-жарманкеси өткөрүлдү.


Борбордук аянттан алыс эмес Кыргызстан улуттар Ассамблеясынын имаратынын алдында Кыргызстанда жашаган улуттардын улуттук тамак-аштарыныны көргөзмө-жарманкеси болуп өттү.


“Нооруз” майрамына карата шаардын бардык сейил бактарында, жаңы конуштарында элдик эс алуулар жана спорттук мелдештер өткөрүлдү.