Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таза суу камдап алуусун суранат
- Подробности
- Опубликовано 18.03.2016 11:18
«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 22-мартта саат 9:00дон 18:00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берилбейт.
«Түштүк-Батыш» жана «Гагарин» суу алгычтарын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу калаанын төмөнкү көчөлөрүндө таза суу берилбейт: Л.Толстой, Жунусалиева, Айни, Чайковский көчөлөрүндө, «Ак-Өргө» конушунда, анын ичинде: Жер бөлүштүрүү институту, №55 орто мектеп, Ленин районунун Аскердик комиссариаты, №5 мончо, Гагрин көчөсү боюнча Бишкекжылуулукэнергонун казаны жана Жер бөлүштүрүү институту, «Кока-Кола» ЖЧКсы, «Яшар» ЖЧКсында.
«Кыргызконьягы» ЖЧКсында, «Комбинат» ЖЧКсында, «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧКсында жана «Лина» фирмасында суу басымы төмөндөйт.
«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.09.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |