ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты жыйынтыкталды

1-марттан 15-мартка чейин Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты жыйынтыкталды.

Мелдешке 4 команда катышты.


Мелдештин максаты Бишкек шаарында альпинизмди кеӊири жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Альпинизм Федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Мелдеште төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:

1-орунга  18 бал жыйынтыгы менен СКИФ командасы (Селивестров С., Клевцова А., Макаренко К., Запоточный М.),  2-орунга  16 балл алган Ак-Сай командасы (Широбоков А., Котляр В., Мутле М.),  3-орунгаСКИФ-2 (Актаев К., Хасанова Э., Загорулько О.,Чулков С., Филей Д., Зеленский И.) жана 4-орунга  2 балл топтогон Каракол командасы  (Жидков А., Алексеенко А.) ээ болду.

Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин диплом, медаль жана баалуу белектери менен сыйланышты.