ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

17-мартта калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 17-мартта саат 9:00дон 18:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт.

«Белинский» суу алгычын профилактикалык-оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү турак райондордо ичүүчү суу токтотулат: Калык Акиев, Куренкеев, Логвиненко көчөлөрүндө  жана Чүй проспектисинде, Панфилов көчөсүндө, Жибек-Жолу проспектисинде, Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрүндө. Анын ичинде: Сатылганов атындагы филармонияда,   «Фабертэк» ЖЧКсы, №3 шаардык гинекологиялык ооруканасында, «Жапан Стайл» ЖЧКсында, «Океан», дүкөнүндө, «Пекин» рестораны, Кыргыз драм театрында, Улуттук китепканада, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде, Мамлекеттик санэпид көзөмөл департаментинде, Биринчи май райондук администрациясында, Т.Молдо – Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги энергосбыт имаратында, №33 орто мектепте таза суу берилбейт.

 

«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.