ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия жалпы билим берүү сабактары боюнча шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда жалпы билим берүү сабактары боюнча окуучулардын шаардык  олимпиадасынын III этабынын салтанаттуу жабылышы өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөргө Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов медаль жана баалуу белектерди тапшырып, ийгиликтери менен куттуктады жана окуучулардын окууларына ийгиликтерди каалады.


«Сиздерди шаардык олимпиададагы жеңишиңиздер менен чын дилимден куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, жаркын маанай жана  окууларыңарга ийгиликтерди каалайм! Сиздер   ийне менен кудук казгандай терең билим алып, ар түрдүү кесиптин ээси болушуңуздарга тилектешмин!»,-деди калаа башчысы.


Олимпиаданын башкы максааты окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жогорулатуу, жогорку класстагы окуучулардын кесип тандоосуна жардам көрсөтүү, окуучулардын чыгармачылык демилгесин өнүктүрүү жана аныктоо болуп саналат.


Окуучулардын олимпиадасы И.Раззаков атындагы КМТУ жана №72 мектеп-гимназиясында эки күндүн ичинде өткөрүлдү.


Олимпиаданы өткөрүү үчүн калыстар курамына И.Раззаков атындагы КМТУ, Ж.Баласагын атындагы КМУ, Карасаев атындагы  БГУ, Ельцин атындагы КОСУ, Арабаев атындагы КМПУ, «Манас» КТУ профессордук-окутуучулук курамы, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын адистери жана мектептин мугалимдери кирди.


Олимпиадалык тапшырмалар  КР Илим жана билим министрлиги тарабынан дайындалды.


Шаардык олимпиадада 101 окуучу жеңишке ээ болду. Алардын ичинен 1-орунду 33 окуучу, 2-орунду 32 окуучу, 3-орунду 36 окуучу. Шаардык олимпиаданын 33 жеңүүчүсү Республикалык олимпиаданын  IV этабына катышат.


Шаардык олимпиадага 2016-жылы жалпы билим берүү мекемелеринен 300 дөн ашык окуучу катышты.


Жеңүүчүлөрдүн тизмесин төмөнкү шилтемеде:

 

Итоги олимпиады

Призеры малой олимпиады