ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов пландык жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 15-мартта калаа башчысы Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө калаанын санитардык тазалыгы жана көрктөндүрүү боюнча үч айлыкты өткөрүү, «Көк-Жар» конушундагы жаңы бала бакчанын ачылышына даярдыктарды көрүү, «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү талкууланды.


Жыйындын соңунда бала бакчаны апрелдин башында ачуу чечими чыгарылды. Калаа башчысы балдарды кабыл алууга бала бакчаны кылдаттык менен даярдоону тапшырды.