ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте окуучулар арасында шаардык олимпиаданын жабылышы өтөт

15-мартта саат 10:30 да Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда жалпы билим берүү сабактары боюнча окуучулардын республикалык олимпиадасынын III этабынын жабылышы өткөрүлөт.

Олимпиаданын башкы максааты окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жогорулатуу, жогорку класстагы окуучулардын кесип тандоосуна жардам көрсөтүү, окуучулардын чыгармачылык демилгесин өнүктүрүү жана аныктоо болуп саналат.


Окуучулардын олимпиадасы И.Раззаков атындагы КМТУ жана №72 мектеп-гимназиясында эки күндүн ичинде өткөрүлдү.


Олимпиаданы өткөрүү үчүн калыстар курамына И.Раззаков атындагы КМТУ, Ж.Баласагын атындагы КМУ, Карасаев атындагы  БГУ, Ельцин атындагы КОСУ, Арабаев атындагы КМПУ, «Манас» КТУ профессордук-окутуучулук курамы, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын адистери жана мектептин мугалимдери кирди.


Олимпиадалык тапшырмалар  КР Илим жана билим министрлиги тарабынан дайындалды.


Шаардык олимпиадада 101 окуучу жеңишке ээ болду. Алардын ичинен 1-орунду 33 окуучу, 2-орунду 32 окуучу, 3-орунду 36 окуучу. Шаардык олимпиаданын 33 жеңүүчүсү Республикалык олимпиаданын  IV этабына катышат.


Шаардык олимпиадага 2016-жылы жалпы билим берүү мекемелеринен 300 дөн ашык окуучу катышты.