ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ат спорту боюнча чемпионат жыйынтыкталды

2016-жылдын 11-мартынан 14-мартына чейин Республикалык адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин базасында ат спорту боюнча Бишкек шаарынын Ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Чемпионат ат үстүндө жүрүүнүн эки түрү — конкур (ар кандай тоскоолдуктардан өтүү) жана атта жүрүү өнөрү боюнча өттү.

 

Мелдеш аталган спорт түрүн жайылтуу жана улуттук курамдын катарын толуктай турган спортчуларды иргеп чыгуу максатында уюштурулду.


Чемпионаттын жыйынтыгында төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:


Ат тааныштыруу боюнча


Негизги байге


1- орун - Элина Сергеева  (Апачи)
2-орун - Катя Харкасова  (Пагода)
3-орун – Катя Актемирова (Сенатор)


Кичи байге


1-орун – Мария Лукина (Боуман)
2-орун -  Екатерина Соловьева (Барон)
3-орун -  Ангелина Феофанова (Самал)


Конкур


Гран-при бийиктиги  135 см


1-орун – Ринат Галимов (Чарлиз)
2-орун - Ринат Галимов (Дукато)
3-орун – Садыр Мамытов (Куинтендро)


Жогорку ылдамдыкта  бийиктиги 125 см


1-орун - Садыр Мамытов (Куинтендро)
2-орун - Ринат Галимов (Кармен)
3-орун - Ринат Галимов (Дукато)


«А» тобу


1-орун – Ринат Галимов (Дукато)


«Б» тобу


1-орун  – Валерия Ватиковская (Самсан)


«С» тобу


1-орун  – Камиль Сабитов (Динан)


Чемпионат Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө  шаардык спорт комитетинин диплом, медаль жана баалуу белектери тапшырылды.