ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таза суу камадап алуусун суранат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 15-мартта саат 9:00 дон 15:00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берилбейт.

«Тоголок Молдо» суу алгычын оңдоо-профилактикалык иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү райондордо таза суу токтотулат: Манас проспектиси, М.Фрунзе, Логвиненко көчөлөрү жана темир жол сызыгы. Анын ичинде: «Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор», Бишкек техникалык колледжи, №3дирекция, «КазКоммерцБанк», тез жардам станциясы, №1 стамотологиялык бейтапканасы, борбордук сүйлөшүү пункту, БУУ үйү, Мамлекеттик салык инспекциясы, «Бета Иншаат-Ятырымжалык» ЖТАК, НЦ кордиология, Улуттук госпиталь,  ардагерлер бейтапканасы, №70 мектеп-гимназиясы, Россия Элчилигинде, Керимбеков көчөсү, 51  боюнча №47 бала бакчасында, Манас проспектиси 9/1 дарегиндеги №184 бала бакчасында, Исанов – Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү №115 бала бакчасында.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.