ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ат спорту боюнча чемпионат өткөрүлөт

2016-жылдын 11-мартынан 14-мартына чейин Республикалык адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин базасында ат спорту боюнча Бишкек шаарынын Ачык чемпионаты өткөрүлөт.

Чемпионат ат үстүндө жүрүүнүн эки түрү — конкур (ар кандай тоскоолдуктардан өтүү) жана атта жүрүү өнөрү боюнча өтөт.


Ат спорту боюнча мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө.


Мелдеш ат спортун жайылтуу, КР курама командасын толуктоо үчүн күчтүү спортчуларды чыгаруу максатында өткөрүлүүдө.


Жеңүүчүлөр шаардык спорт комитеттин диплом, медаль жана баалуу белектери менен сыйланышат.