ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте оор атлетика боюнча ачык биринчилик жыйынтыкталды

2016-жылдын 4-мартында  Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинде оор атлетика боюнча ачык биринчилик болдуп өттү.

Мелдешке 1996-жылы туулган жана андан кичүү 109 оор атлетчи катышты.


Мелдеш 36  кг, 40 кг, 44 кг, 50 кг, 56 кг, 62 кг, 69 кг, 77 кг, 85 кг, + 85 кг салмактык категорияларда өтөт.


Спорттук иш-чара  атлет чеберлеринин спорттук чеберчилигин жогорулатуу, күчтүү спортчуларды аныктоо, спорттук мамилени өнүктүрүү жана достукту бекемдөө максатында өтүүдө.


Биринчилик оор атлетика боюнча Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектеби өткөрдү.


Ачык биринчиликте төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:


Балдар арасында:


40 кг салмактык категория боюча: 1-орун Адыл Турсунбеков (РУОР), 2-орун Нурмухамед Касенов (Токтогул ш.), 3-орун Курманбек уулу Мамаш (РУОР).


46 кг  салмактык категория боюча: 1-орун Сыргыбек уулу Шернияз (Талас), 2-орун Таалайбек уулу Абдылбек (Военно-Антоновка), 3-орун Бахтияр Курманов (РУОР).  


50 кг салмактык категория боюча: 1-орун Шерхан Сайбеков (Токмок), 2-орун Данил Черкасов (РУОР), 3-орун Азат Асеков (СДЮСШОР  Бишкек).   


56 кг салмактык категория боюча: 1-орун  Чойбек Сатбаев (СДЮСШОР  Бишкек), 2-орун Таалайбек уулу Арген (РУОР), 3-орун Эмил уулу Самат (СДЮСШОР Бишкек).


62 кг салмактык категория боюча: 1-орун  Кадырбек Айбеков (СДЮСШОР  Бишкек), 2-орун Кубанычбек уулу Нурдин (РУОР), 3-орун  Актан Бердиматов  (СДЮСШОР Бишкек ш).   


69 кг салмактык категория боюча: 1-орун Бообек уулу Токтогул (СДЮСШОР Бишкек), 2-орун  Анвар Ысманов (РУОР), 3-орун  Уланбек уулу Адилет (КМУ).


77 кг салмактык категория боюча: 1-орун Сыймык Токтосунов (Орловка), 2-орун  Нурзатбек уулу Темурлан (СДЮСШОР   Бишкек), 3-орун  Тууганбек уулу Адилет (СДЮСШОР   Бишкек).


85 кг салмактык категория боюча: 1-орун  Кайрат Болотбеков (СДЮСШОР  Бишкек), 2-орун  Максат Салмарбек (РУОР), 3-орун Павел Семачев (СДЮСШОР Бишкек).


+85 кг салмактык категория боюча:  1-орун  Урмат Сыргабаев (СДЮСШОР  Бишкек), 2-орун  Таалайбек Туратбеков (Орловка), 3-орун  Бакыт Оболбеков (Токмок).


Кыздар арасында:


36 кг салмактык категория боюча: 1-орун Татьяна Усова (Военно-Антоновка).


44 кг салмактык категория боюча: 1-орун  Татьяна Власова (Военно-Антоновка).


48 кг салмактык категория боюча: 1-орун Майрам Кыдыралиева (СДЮСШОР Бишкек).


53 кг салмактык категория боюча: 1-орун Аминай Мамырова (Токмок).


63 кг салмактык категория боюча: 1-орун Мукадас Исламова (Токмок).


Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.