ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте КР Эл артисти Алиман Жангорозованын 100 жылдык мааракесине арналган жолугушуу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан Тарых жана маданият жылынын алкагында №69 мектеп-гимназиясында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алиман Жангорозованын 100 жылдык мааракесине арналган чыгармачылык кече өткөрүлдү.

Билим берүү башкармалыгынын иш-чаралар планына ылайык №69 мектеп-гимназиясында КР Эл артисти Алиман Жангорозованын өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча дилбаян жана эссе, реферат жазуу, сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу, класстык сааттарды өткөрүү иштери жүргүзүлдү.


Алиман Жангорозова №69 окуу тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын ачылышында ардактуу коноктордон болгон.


Жолугушууга  КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР кинематографисттер союзунун өкүлдөрү, КР Эл артисти Жамал Сейдакматова, КР Жаш көрүүчүлөр театрынын артисти Марат Жанталиев, коомдук ишмер Турар Рыскулбеков, КР Эмгек сиңирген артисти Гүлчач Абдрахманова, журналист Тенти Орокчиев, калаанын мектептеринин жетекчилери жана окуучулары катышты.