ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ калаанын жолдорун жана аялдамаларын жууп - тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Бишкекте муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын короо шыпыргычтары калааны көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

10-мартта таң эрте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калаанын жолдорун жана коомдук транспорт токтоочу аялдамаларды жууп -тазалоо иштерин жүргүзүштү. Тазалоо иштерине 50 каттам жасаган 10 суу чачуучу унаа тартылды.


Тазаоонун жүрүшүндө короо шыпыргычтар майда таштандыларды шыпырып, орнотулган урналарды, ошондой эле суунун агышы үчүн арыктарды тазалашты.


Бүгүн Октябрь районунда -  94 короо шыпыргыч жана 8 бирдик техника, Биринчи май районунда – 157 короо шыпыргыч жана 11 бирдик техника, Свердлов районунда – 122 короо шыпыргыч жана 10 бирдик техника, Ленин районунда – 120 короо шыпыргыч жана 10 бирдик атайын техника ишке тартылды.