ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Албек Ибраимов биринчи пландык жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ Мамлекеттеринин башчыларынын кеңеши жана Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматтыштык кеңешинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйын өткөрүүгө шаарды даярдоо жөнүндө маселе талкууланды.


Турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Канатбек Эшатовдун  айтуусу боюнча, азыркы учурда дарактарды, бадалдарды, гүлдөрдү отургузуу жана жарыктандырууну оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, көк майсандарды чабуу, жээк таштарды оңдоо, таманташтарды алмаштыруу, имараттарды сырттарын оңдоо иштери пландалууда.


Ошондой эле 1-марттан баштап санитарды тазалоо боюнча ишембиликтин үч айлыгы жарыяланды жана ушул ишембиде биринчи массалык ишембилик өткөрүлдү.


Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ботаникалык бактагы ирригациялык тутумдагы көйгөйлөр козголду. Албек Ибраимов тиешелүү кызматтарга бактын ирригациялык тутумун оңдоону иштеп чыгуу тапшырмасын берди.


Жыйында башаламан соода менен күрөшүү маселеси  да талкууланды. Райондук администрациялардын башчылары башаламан соода менен күрөшүүдө аткарылган иштери тууралуу айтып беришти. Ар бир райондо эффектидүү иш жүргүзүү үчүн штаб түзүлгөн. Штабдын курамына администрация кызматкерлери, райондун ИИБ жана салык органдары кирет.


Күн тартибинин акыркы маселеси болуп Нооруз майрамына даярдык көрүү талкууланды. Маданият башкармалыгы Ала-Тоо аянтында өтө турган иш-чаранын планын көрсөттү.


Жыйындын соңунда Албек Ибраимов бардык түзүмдүк бөлүмдөргө  жана шаардык кызматтарга Нооруз майрамына даярдыктарды көрүү боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.