ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкекасфальтсервис» ирригациялык тутумдарды оңдоодо

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы ирригациялык тутумдагы жаңы каналдарды орнотуп жатат.

Эски ирригациялык каналдарды алмаштыруу жаз-жай мезгилине даярдык көрүү жана шаарды көрктөндүрүүнүн алкагында ишке ашып жатат.


Учурда Чүй кең көчөсүндөгү Панфилов көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейинки аймактагы каналдар алмаштырылууда.


Андан соң "Бишкек асфальтсервис" Манас кең көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки аймактагы ирригациялык каналдарды алмаштырууну пландоодо.


Эки жылдын ичинде Бишкек мэриясы шаардын ирригациялык тутумунун бардык каналдарын алмаштырат.