ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы айымдарды Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Айымдарды куттуктоо үчүн Кыргыз Республикасынынын премьер-министри Темир Сариев, Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, ЖК  депутаты Садык Шер-Нияз, калаа башчысы Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев катышты.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өзүнүн куттуктоо сөзүндө айымдарга чың  ден соолук, бакубат жашоо жана бактылуулук каалады.


«Кыргызда аял-эне, аял-бакыт, аял-жар деген жакшы сөз бар. Баарыбызга өмүр, ченемсиз бакыт тартуулаган аялзаты экенин эч ким тана албаса керек. Коомдогу  чоң түйшүктү мойнуна артып, чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, үзүлгөндү улап, аялзатынын улуулугун даңазалап келаткан бардык аялзатын жазда келген 8-март майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, ачык асман, үйбүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм! Кыргыздын чыгаан уул-кыздарын эрезеге жеткирип, аруулуктун, улуулуктун символу болуп жүрө бериңиздер!»,-деп куттуктады  Албек Ибраимов.


Чакырылган айымдар үчүн чыгармачылык топтордун, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кызыктуу концерттик программа тартууланды.


Майрамдык концерттин соңунда айымдарга белектер тапшырылды.