ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте оор атлетика боюнча ачык биринчилик башталды

3- 4-март күндөрү чейин адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинде оор атлетика боюнча ачык биринчилик башталды.

Мелдешке Токтогул, Токмок, Бишкек шаарларынын, Талас облусунун, ошондой эле Орловка, Военно-Антоновка айылынын 1996-жылы туулган жана андан кичүү спортчулары катышат. Биринчиликке 109 оор атлетчи катышат.


Мелдеш 36  кг, 40 кг, 44 кг, 50 кг, 56 кг, 62 кг, 69 кг, 77 кг, 85 кг, + 85 кг салмактык категорияларда өтөт.


Спорттук иш-чара  атлет чеберлеринин спорттук чеберчилигин жогорулатуу, күчтүү спортчуларды аныктоо, спорттук мамилени өнүктүрүү жана достукту бекемдөө максатында өтүүдө.


Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышат.


Аталган мелдешти  Бишкек шаарынын оор атлетика боюнча адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектеби өткөрүүдө.