ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акимиаты райондун айымдарын эл аралык аялдар күнү менен куттуктады

К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын концерттик залында Октябрь районунун айымдары үчүн Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара администрация тарабынан уюштурулуп, райондун 300 айымы чакырылды.


Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев катышып, айымдарды майрамы менен куттукташты. Ошондой эле райондун жигердүү айымдарына «Коомдук жашоодо жигердүү катышкандыгы үчүн» ардак грамоталар тапшырылды.
Чакырылган коноктор үчүн майрамдык концерт тартууланды.


Мындан тышкары, чакырылган айымдарга райондук администрация башчысынын атынан эстеликке белектер тапшырылды.