ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ санитардык нормаларды бузгандарга протокол түздү

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Элебесов көчөсү, 280 дарегинде жайгашкан тигүү цехинин, унаа жуучу жайынын жана соода күркөөсүнүн айланасы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.

Аталган жерде таштандылар өрттөлүп, курулуш таштандылары белгиленбеген жерге ташталган, ошондой эле КТК чыгаруу үчүн келишим түзүлбөгөн. Санитардык нормалар сакталган эмес жана калааны көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан Касымалиев А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.