ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Сведлов райондук админстрациясы айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын залында Свердлов райондук администрациясы райондун айымдарын 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Майрамдык иш-чарада Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев айымдарды жазда келген 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, айымдардын коомчулукта орду чоң экенин белгиледи.

«Сиздердин назик колуңуздарда дүйнө жүзүндөгү баардык улуу иштер, көптөгөн жакшылыктар кармалып турат. Биздин коомдо Сиздер катышпаган бир да тармак жок, алар: биз жашаган үйлөр,  балдарды тарбиялоо, мектептер, ооруканалар, офистер, ишканалар, саясатта жана журналистикада. Дегеле аялзаты – жер жүзүндөгү жашоонун негизи. Ар бир үй-бүлөнүн куту, уюткусу эне. Мээримдүү апа, сүйүктүү жар болуп коломтонун отун өчүрбөй, үй-бүлөлүк түйшүк менен кошо коомдук иште да оор жүктү көтөрүп келесиздер», - деди Нурдин Тынаев.

Ошондой эле Свердлов районунун айымдарын Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Асель Пирматова жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Адиса Имангазиева куттуктады.

Салтанаттуу иш-чарага райондун баатыр энелери, эмгектин, тылдын ардагерлери, райондун активдери жана эмгек сиңирген кызматкерлер, жалпысынан 900 айым чакырылды.

Иш-чара кыргыз эстрада жылдыздарынын, чыгармачылык топтордун аткаруусунда концерттик программа менен коштолду.