ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун башчысы «Калыс-Ордо» конушунун тургундары менен жолукту

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев «Калыс-Ордо» конушунун тургундары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү жана №16 МАБ менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда суу түтүк тармагындагы аварияларды четтетүү, конуштагы трансформатордук көмөк чордонунун кубаттуулугун күчөтүү талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгында коллектордук-дренаждык тармактарды куруу маселелерин үйрөнүү боюнча жумушчу топ түзүү жана суу түтүк тармагындагы аварияларды четтетүүнү тездетүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле жолугушууда жашоочулар элди электр энергиясы менен камсыз кылган  трансформатордук көмөк чордонунун кубаттуулугун күчөтүү маселесин көтөрүштү. Конуш тургундарынан тышкары Аламедин районунун тургундары да колдонгондугуна байланыштуу трансформатордук көмөк чордон ашыра жүктөөлөрдү көтөрө албай  үзгүлтүктөргө учуроодо.


Аталган маселе боюнча Батыш РЭСке трансформатордук көмөк чордонунун кубаттуулугун күчөтүү тапшырмасы берилди.