ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Патриса Лумумбы көчөсүнүн кайрадан куруу иштерине байланыштуу коомдук транспорттун каттамы өзгөртүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Патриса Лумумбы көчөсүнүн Профсоюз көчөсүнөн Талдысуу көчөсүнө чейин жолду кайрадан куруу иштерине байланыштуу кичи автобус жана автобустардын кыймыл схемасына убактылуу өзгөртүү киргизилди.

Азыркы учурда төмөнкү кичи автобусттук каттамдар өзгөртүлдү:


1.    №212-маршруттук такси Салтанат көчөсүнө которулуп, Кайназарова көчөсү менен Касым конушу аркылуу Талды-Суу көчөсүнө барат.


2.    №137 жана №269-маршруттук таксилер Патрис Лумумба көчөсү аркылуу Профсоюз көчөсүнө чейин каттайт.


3.    №38-автобус болсо Салтанат жана Кайназарова көчөлөрү менен Касым конушу аркылуу 110-кварталга барат.


Жолду оңдоп-түзөө иштери шаардык бюджеттен каржыланууда.  2,5 чакырым келген жолду 2016-жылдын август айына чейин бүтүрүү пландалууда.  Бөдрөтчү компания «Технотоп» ЖЧКсы.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардын жол кыймылын алдан ала тандап алуусу суранат.