ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

3-мартта калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 3-мартында калаанын айрым жерлеринде ичүүчү суу берилбейт.

«ХБО» суу алгычынын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу саат 9:00дон 15:00го чейин төмөнкү даректерде таза суу берилбейт: Шабдан баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрүндө жана темир жол сызыгында. Анын ичинде: №99 лицейи, «Нур» ЖЧКсы, «Алеша» ЖТАК, «Бишкек-Нан» ААК, «Айнур Заводу» АК, «ДСМ заводу» АК, «Ак-Марал Дизайн Сервис» корпорациясы, Транспорт башкармалыгы, №3БПАПТ, КыргызАвтоВАЗ, «Дасмия» рестораны, «Автобытсервис» АК, ЧуПВЭС, «КТИ Агромаш» АК, «Медиафарм» АК, Саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасы,  «Электротехник» АК, Горький көчөсү, 1 «а» дареги боюнча («Мегомедиа») типография,  «Айдан-фарма» ЖАК ичүүчү суу берилбейт.


Ошондой эле «КиВ» ЖЧКсы өткөрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Раззаков көчөсү боюнча Д=300мм суу алгычында саат 10:00дон 14:00го чейин Бөкөнбаев, Орозбеков, Абдымомунов көчөлөрүндө, Эркиндик бульварында таза суу токтотулат. «Россия» бизнес-борбору, Германия элчилиги, Иран элчилиги, Композиторлор союзу, Агропром имараты, Арабаев атындагы университет, тарых музейи, «Улуттар достугу» имараты, №3 окуу жайы, Мамархив, Улуттук мамлекеттик статистика башкармалыгында, геология боюнча окуу борборунда, Чүй областынын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде таза суу токтотулат.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.