АШК Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
- Подробности
- Опубликовано 01.03.2016 15:49
Бүгүн, 1-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы боюнча протокол бекитилди.
БШКнын мүчөлөрүнүн жыйынтыктоочу добушунан кийин шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маметов Албек Ибраимовго мандатын тапшырды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 27-февралында Бишкек шаардык кеңештин XXIX кезексиз сессиясында Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлгөн. Албек Ибраимовдун талапкерлигине 43 депутаттын 42 депутаты добуш берген. Албек ибаримов СДПК фракциясынан көрсөтүлгөн.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.09.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |