ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен Кыргызстан мусулмандарынын Азирети  муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда  Кыргызстандын муфтиси Албек Ибраимовду жаңы кызмат орду  менен куттуктап, ак калпак жана өзү которгон куранды белек кылды. Ошондой эле ыйман тазалыктан башталарын белгилеп, келе жаткан ишемби күнү муфтият мэрия менен биргеликте ишембилик уюштурууну белгилешти.  Ал эми мэрия ишембиликте таштанды чыгаруу үчүн атайын техникалар менен камсыздоону белгиледи.

Мындан тышкары курулуп жаткан жаңы борбордук мечитке электр энергиясын киргизүүнү  чечүү маселеси талкууланды.

Аталган жолугушууга Азирети муфтинин орун басары Жоробай Шергазиев, КМДБ иш башкармалыгынын башчысы Алимбай Эргешов, муфтинин кеңешчиси Дүйшөнбек ажы Өтөнбаев катышты.