ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курулуш компаниялар Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө көп кабаттуу турак үй курулуп жаткан Токомбаев көчөсү 23/1 дарегинин айланасы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.

Аталган жер курулуш таштандыларына толгон жана 2016-жылга кургак тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн келишим түзүлгөн эмес. Ошондой эле шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулган.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «Дианур» ЖЧКсынын директору Үсөналиев Д.С.тин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.