ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунун башчысы «Дордой», «Дордой-2», «Келечек» жана «Ак-Бата» конушунун тургундары менен жолукту

«Дордой» конушунун №64 орто мектебинин имаратында Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаеванын  «Дордой», «Дордой-2», «Келечек» жана «Ак-Бата» конушунун тургундары менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана райондук кызматтардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун башкы максаты көйгөйлөрдү чечүү боюнча тургундарды маалыматтандыруу болуп саналат.

Өткөн жолугушуудан кийин бир нече көйгөйлөр чечилди.  «Дордой» конушуна 960 орундуу мектеп курулуп, «Ак-Бата»  конушунун борбордук көчөсүнө асфальт төшөлдү. «Дордой - 2» конушуна балдар аянтчасы орнотулду жана милиция аймактык пунктуна «Нива» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө конуш тургундары турак үйлөрдү мыйзамдаштыруу, «Дордой», «Келечек» конуштарына бала бакча куруу, суу менен камсыз кылуу, жарык түйүндөрүн орнотуу маселелери көтөрүлдү.