ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ санитардык нормаларды бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Абдрахманов көчөсү №199 дарегиндеги имараттын тургундары курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы аныкталды.

Мунун жыйынтыгында аталган жердин айланасы антисанитардык абалга жетип, санитардык нормалар жана шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулган.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан Нуралиева Г.нын атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.