Бишкекте баскетбол боюнча балдар арасында окуучулар спартакиадасы жыйынтыкталды
2016-жылдын 22-февралдан 26-февралга чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин оюн залында 1998-жылы төрөлгөн балдар арасында баскетбол боюнча окуучулардын шаардык спартакиадасы өткөрүлдү.
Спорттук иш-чарага Бишкек шаарынын бардык райондорунан сегиз команда катышты.
Мелдеш сергек жашоого үндөө жана баскетбол боюнча курама команданы түзүү максатында өткөрүлдү.
Аталган иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурду.
Байгелүү орундарга: 1-орунга №29 МКГ (Биринчи май району), 2-орунга №17 ОТК МЛ (Октябрь району), 3-орунга №26 ГК (Октябрь району) ээ болушту.
Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |