ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп Албек Ибраимов шайланды

Бишкек шаардык кеңештин XXIX кезексиз отурумунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү.

Албек Ибраимовдун талапкерлигине 43 депутаттын 42 депутаты добуш берди.

Өзүнүн сөзүндө жаңы калаа башчысы Фрунзе шаарында төрөлгөндүгүн белгиледи.

«Бишкек менин өз шаарым. Биз ыңгайлуу жана коопсуз шаарда жашаганды каалайт элем. Менин максатым – Кубанычбек Кулматов баштап кеткен «Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары» Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык программасын ишке ашырууну улантуу»,-деди Албек Ибраимов.

Бишкек шаарынын мэри шаарды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу менен мэриянын бюджеттик саясатынын ишин күчөтүү, жолдорду жакшыртуу,  сейил бактарды кароо жана шаардын жакшы имиджин түзүү. Андан кийин архиктектуралык жана ландшафттык дизайн менен иштешүүнү белгиледи.
«Бишкек шаар гана эмес, Кыргызстандын борбору катары ар тараптан, архитектурасы жана ландшафтык дизайны элди өзүнө тартып тургандай болушу зарыл»,— деди муниципалитет башчысы.
Албек Ибраимов КСДП фракциясынан шаардык кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн.