Бишкек шаарынын мэриясы калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүүнү улантууда
- Подробности
- Опубликовано 25.02.2016 09:31
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Октябрь районунун санитардык абалын текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Куттубаев көчөсү 20/2 дарегинде жайгашкан «Мотор» унаа жуучу жайынын кызматкерлери таштандыларды таштагандыгы аныкталды.
Мындан тышкары, аталган жайдын айланасы антисанитардык абалга жетип, таштанды чыгаруу үчүн 2016-жылга келишим түзүлгөн эмес.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын СЭИ инспекторлору тарабынан «Мотор» унаа жуучу жайынын ижарачысынын атына КР «Администртивдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |