ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарыны мэриясы ардагерлерди Ата-Мекенди коргоо күнү менен куттуктады

Бишкек мэриясы  Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагерлерин Ата-Мекенди коргоо  күнү менен куттуктады.

2016-жылдын 22-февралында калаанын кафелеринин биринде Бишкек шаарынын мэриясынын атынан Ата-Мекенди коргоо күнүнүн урматына ардагерлер үчүн майрамдык түшкү тамактануу уюштурулду.

Майрамдык дастарконго Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагерлери, куралудуу күчтөрдүн жана шаардык кеңештин ардагерлери чакырылды.

Чакырылгандарды Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова куттууктады. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө ардагерлерге бекем ден соолук, узак өмүр жана тынчтык каалады. Ошондой эле мекенибизди коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, салтанаттуу тамактанууда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев дагы куттуктады.

Шаардык мэрия тарабынан ардагерлерге 1 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, Ленинград блокадачыларына почта бөлүмү аркылуу 1 000 сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөттү.