ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөттү

2016-жылдын 19-февралында Биринчи май райондук администрация Ата-мекенди коргоо күнүнө карата Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагерлерине жана Ленинград блокадачыларына материалдык жардам көрсөттү.

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев ардагерлерди куттуктап, Ата-мекенди коргоо ыйык милдет экендигин белгиледи. Ошондой эле аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык жана узак өмүр каалады.

Чакырылган ардагерлерге район башчысы Аскербек Алиевдин атынан материалдык жардамдар тапшырылды. Жогоруда аталган максаттар үчүн райондук бюджеттен 201,5 миң сом каражат бөлүндү.

Согуштун катышуучулары, согуш талаасында курман болгондордун үйбүлөлөрү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, Улуу ата-мекендик согуштун ардагерлери ар дайым Биринчи май райондук администрациянын көзөмөлүндө турат жана администрация  социалдык-турмуштук жана медициналык жактан камсыздайт.