ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Мурас-Ордо» конушунун балдары үчүн мектеп автобусун киргизди

Биринчи май районунун Мурас-Ордо конушунда жалпы билим берүүчү мекеме жок болгондуктан, район башчысы Аскербек Алиевдин демилгеси менен  2015-жылы Аламүдүн районундагы Степное айылында жайгашкан «Келечек» мектебине балдарды алып барууга транспорт уюштурулган.

Биринчи май райадминистрациянын маалыматы боюнча, Мурас-Ордо жаңы конушунун 160 тан ашык балдары «Келечек» мектебинде окушат. Транспорт балдарды мугалимдери менен чогуу бир күндө 2 жолу ташыйт. Билим берүүнүн райондук борбору менен жергиликтүү аймактык башкармалык балдарды «Келечек» мектебине ташууга күн сайын мониторинг жана анализ жүргүзүп турат.


Окуу жылдын башталышында «Келечек» мектебине Биринчи май райондук администрациясы материалдык жардам көрсөткөн, атап айтсак, окуу куралдары менен камсыздап, материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөктөшкөн.


Райондук бюджеттен 2015-жылы 834,7 миң сом бөлүнгөн. Район жетекчиси «Келечек» мектебине канцелярдык товарлар үчүн 20 миң сом демөөрчүлүк кылган.