ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Билим берүү башкармалыгында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүлдү

2016-жылдын 17-февралында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы коррупцияга каршу күрөшүү боюнча иш-чаралардын планын алкагында райондук билим берүү борборлорунун директорлорунун, Бишкек шаарынын ИИББ 5-башкармалыгынын  катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын «Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча каражаттарын жана башкаларды чогултууга тыюу салуу жөнүндө»,  «Коррупциялык укук бузуулар фактылары боюнча эскертүүлөрдүн тартиби жөнүндө» буйруктарын аткаруу жана билим берүү мекемелеринде сапаттуу тамактандырууну уюштуруу  талкууланды.