СЭИ «Дельфин» унаа жуучу жайынын ижарачысынын атына калааны көрктөндүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн протокол түздү
- Подробности
- Опубликовано 16.02.2016 16:54
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору күн сайын шаардын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүп келет.
Кезектеги текшерүүдө Тыналиев көчөсү 29 дарегинде жайгашкан «Дельфин» унаа жуучу жайынын айланасына суюк калдыктар төгүлүп, антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ кызматкерлери тарабынан унаа жуучу жайынын ижарачысы Каримов Ш.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
23.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |