ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Афган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

Бишкек шаарында 15-февралда Афган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Ата-Түрк багындагы афган согушуна катышкан катышуучулар согушта курман болгондорду эскерип, гүл чамбар коюшту.

Иш-чарага Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Асель Пирматова, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Закир Тиленов катышты.

Өзүнүн сөзүнө Замирбек Малабеков 15-февраль маанилүү күндөрдүн бири экендигин белгиледи.

«Афган согушуна 7 миң 140 кыргызстандык катышты. Алардын ичинен 252 адам согуш талаасынан курман болгон, 1500 ар кандай жараттар менен мекенге кайтып келишти, 4 адам дайынсыз жоголду. Согуштун катаал шарттарында эрдик көрсөтүп, өздөрүнүн жарандык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарган каарман жоокерлерге таазим кылабыз. Алар өлүмдөн жалтанбай өз милдеттерин так аткарышкан»,-деди биринчи вице-мэр.

10 жылга созулган согушта 620 миң офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана солдаттар барып, алардын 546 миңи согуштун катышуучулары болгон.