Ата-энесинен ажыраган балдар Америкага барып келишти
- Подробности
- Опубликовано 12.02.2016 08:48
2016-жылдын 7-январынан 8-февралына чейин Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борбору Кыргызстанда биринчи жолу долбоорго катышып, 12 бала Америкага барышты.
Алар балдарды кабыл алуу үчүн тандоодон өткөн үйбүлөлөргө жайгаштырылышты.
Саякат учурунда балдарды балдар борборунун тарбиячылары жана балдарды коргоо боюнча Биринчи май районунун ыйгарым укуктуу органдарынын, ошондой эле «143» долбоорунун өкүлдөрү жандап жүрүштү.
Балдар өздөрү каалагандай Американын Калифорния, Индиана, Делавэр, Кентукки, Миссисипи, Жоржия штаттарындагы үй-бүлөлөрдө жашашты.
Иш-чаранын программасында кароосуз калган балдар зоопарктарга, океанга, ар кандай сейил бактарга барып, шаарлардын көрүнүктүү жерлери менен таанышуу, ошондой эле бул сапар учурунда балдарга чет тилин үйрөнүүгө шарт түзүлдү.
.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
31.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |