ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

А.Умуралиев атындагы шаардык драм театрында Свердлов райондук администрациясы Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурду.

Свердлов райондук администрациясынын атынан Айнагүл Чылабаева чакырылгандарга материалдык жардам тапшырды.

Майыптарды, согушта курман болгондордун ата-энелерин жана жакындарын Жогорку Кенештин депутаты Кожобек Рыспаев, Свердлов районунун акими Айнагүл Чылабаева жана акимдин биринчи орун басары Турат Айдаров куттуктады.

Театрдын жамаатынан концерт өткөрүлүп, андан кийин майрамдык түшкү тамактануу уюштурулду.

Маалымат: райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттосунда 7 согуш талаасында курман болгондордун ата-энелери жана аялдары, 8 майып жана 169 аскер-интернационалист катталган.