ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кубанычбек Кулматов жыйынтыктоочу пресс-конференциясын өткөрдү

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов ЖМК өкүлдөрүнө жыйынтыктоочу пресс-конференция өткөрдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 11-февралда Кубанычбек Кулматовдун  эки жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу пресс-конференция өткөрүлдү.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө журналисттер  мурдагы шаар башчысына ыраазычылык билдиришип, алдыдагы пландарына кызыгышты.
Кубанычбек Кулматов журналисттерге мэриянын ишмердүүлүгү боюнча  маалыматтарды объективдүү чагылдыргандыгы үчүн жана сындар үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

10-февралда экс-мэр Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери  жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жылда аткарылган  иштер талкууланып, 2016-2017-жылга карата маселелер айтылды. Өзүнүн кайрылуусунда Кубанычбек Кулматов муниципалитеттин кызматкерлери өткөрүлгөн реформада кошкон салымын белгиледи жана  кызматкерлердин иштерине ийгиликтерди каалады.