ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурду

15-февралда саат 10:00до «Ата-Түрк» сейил багында Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган шаардык митинг-реквием өткөрүлөт.

Иш-чаралар шаардын бардык райондорунда өткөрүлүп, катышуучуларга материалдык жардамдар көрсөтүлөт.

2016-жылдын 10-февралда 11:00до Умуралиев атындагы театрда Свердлов райондук администрациясы 181 адамдын катышуусунда иш-чара өткөрөт.

11-февралда саат 14:00 до Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрында Биринчи май районунун 214 адамы үчүн салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Чакырылгандарга материалдык жардамдар көрсөтүлөт.

12-февралда «Диолог» клубунда Ленин райондук администрациясы 273 адамга материалдык жардам көрсөтүү менен салтанаттуу иш-чара өткөрөт.

12-февралда саат 10:00 до №62 мектеп-гимназиясынын чоң залында Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлөт.