ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда республикалык илим жана техника жумалыгы ачылды

Октябрь районунда №39 мектеп-гимназиясында Республикалык илим жана техника жумалыгынын ачылышы өткөрүлдү.

Жумалыктын салтанаттуу ачылышы «Шайыр балалык» жана «Ак-Шоола» балдар чыгармачылык борборунунун концерттик программасы менен коштолду.

Иш-чарада  №20,26,71,64,63 мектеп-гимназияларынын изилдөө долбоорлору көрсөтүлдү жана № 39,17,88,60,64,37,63,26,91,71 мектептеринен 24 адамдын катышуусунда шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунду №64 мектеп-гимназия, 2-орунду №26 мектеп-гимназиясы жана 3-орунду №37 мектеп-гимназия ээледи.

Тогуз коргоол боюнча мелдеш өткөрүлүп, №39,91,88 мектеп-гимназияларынан 16 адам катышты. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунга №88 мектеп, 2-орунга №91 мектеп-гимназия жана 3-оруга №39 мектеп-гимназия ээ болду.

Окуучулар үчүн № 39,91,26,56 мектептеринин, Балдар чыгармачылык борборлорунун, №34 КМ жана «Кыргызстан балдары» чыгармачылык борборунун чыгармачылык иштердин көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чарага Октябрь районунун 200 окуучусу, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жана Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү, КОСУ табигый-техникалык факультетинин жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы  Константин Герман  катышты.