ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын дүкөндөрү шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Ленин районунун санитардык абалын текшерип, Масалиев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн айланасы антисанитардык абалга жетип, курулуш таштандылары жолго жана тротуарга жакын ташталгандыгын аныктады.

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан дүкөндүн ээсинин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.