ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт

10-февралда саат 10:00до Кожомкул атындгы спорт сарайында Ооган согушунун катышуучусу  Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналгансамбо боюнча  29-ирет Эл аралык мелдеш өтөт.

Эл аралык мелдеш Кыргызстанда самбону жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, сергек жашоого үндөө, ошондой эле  Кыргыз Республикасында Ооган согушуна катышкандардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында өткөрүлөт.

Мелдешке Казакстан, Таджикистан, Россия жана Кыргызстандын бардык облустарынын спортчулары катышат. Спортчулар 5 салмактык категорияда күрөшөт. Салмактык категориялар спорттук самбо боюнча (52 кг, 58 кг, 90 кг) жана согуштук самбо боюнча (54 кг, 74 кг) өтөт.

Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин диплом, медаль жана баалуу белектери менен сыйланышат.