ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ кызматкерлери түнү бою шаардын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүзүштү

Бишкекте 9-февралдан 10-февралга караган түнү «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кызматкерлери шаардын жолдорун жана тротуарларын  кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүздү.

Кардан тазалоо иштерине  17 кум чачуучу  унаа (15 МАЗ КО -806 жана 2 ЗИЛ КДМ),  4 трактор (Беларусь), 5 грейфердик жүктөгүч тартылды. Шаардын көчөлөрүнө 433 тонна кум жана 33 тонна туз  чачылды.

Тазалоо иштерине Жол -эксплуатация башкармалыгынын 30 жумушчусу жана «Тазалык» ишканасынын 510  жумушчусу  тартылды.

Учурда тазалоо иштери кечке чейин токтотулду. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.